Учкун айылынын 8-классынын окуучусу отун жарган шайман жасады

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучусу Бекмырза Нурлан уулу электр тогу менен отун жаруучу шайман жасады. Отун жарган шайман менен “ Интелектуалдуу окуучу ”  сынагына катышып өрөөндук, райондук жана облустан 1-2-орундарды алды.

Бекмырза Нурлан уулу менен шаймандын жасалышы боюнча маек курдук:

 

 

 

 

Отун жаргыч боюнча маалымат бере кетсеңиз?

-Бул отун жарган шайман электр тогу менен иштейт жана абдан ыңгайлуу убакытты дагы үнөмдөйт.

Канча убакытта жасап бүттүңүз?

-Бул шайманды жасоо үчүн 3-4 күндүк убакыт кетти. Анткени тетиктерин табуу кыйын болду.

Бул ой кайдан пайда болду?

-Үйдө жүрүп эле отун жарыш керек болду, отунду жарып атып кыйналып кеттим, анан отунду кандай кылып жарыш керек экенин ойлондум, үйдөгүлөрдөн кеңеш сурадым ошентип отун жарган шайманды таптым.

  Бул шайманга каражат кеттиби?

-Шайманды жасоодо көп каражат кеткен жок, бирок, электроддорду жана темир кескичтин ташын алганга эле бираз акча кетти.

Сиз бул шайманды жасап атканда жардамдашуулар болдубу?

-Мен отун жарган шайманды жасап жатканда жардам берип жатышты, менде жок мен билбеген нерселерди айтып беришти. Мен азырында жаш экенмин токторду бири-бирине улаштырууда билбей калып, атам көргөзүп берди.

Бул шайманды жасагандан кийин өзгөрүлөр болдубу?

-Ооба өзгөрүүлөр болуп атты. Отунду жарууда кыйналбай ылдам жарып башка жумуштарга да жетишип калдым. Мурун шайманды жасай электе башка жумуштарга да жетишпей калчумун азыр болсо баарына жетишем.

Бул проекти жасоонун максаты кандай?

-Бул шайманды жазоонун максаты жалгыз өзүмө гана жеңилдик кылуу эмес ар бир адамдын жумушуна жеңилдик каалайм ошон үчүн жасагам.

Бул проектти дагы да өркүндөтөсүзбү же ушуну менен токтотосузбу?

-Бул проектти дагы да өркүндөтүү максатымда бар. Кийин чоңойгондо бул шайманды өркүндөтөм деген ойлорум бар. Чоңойгондо ушул проекти менен бизнес кылсам дейм анткени, Кыргызстандын баардык жерлеринде болуусун калайм.

Бул шайманды жасоодо эмнелер колдонулду?

-Бул шайманды жасап атканда кубаттуулугу күчтүу мотор жана алдына калың темир улоочу зымдар керектелинди, аларды кескенге темир кескич жана туташтыруу үчүн ширетүүчү электроддор колдонулду.

Бекмырзанын ата-энеси отун жарган шайманды жазаганына өтө кубанычтуу.

ДаярдагандарБекмырза Нурлан уулу 

сынак үчүн