6-классынын окуучусу Манасты бир жашынан баштап айтып келет

Нарын районуна караштуу Учкун  айылынын Э.Токсобаев орто мектебинин 6-классынын окуучусу Камчыбек Бактыбек уулу бир жашынан бери Манас айтып келет. Камчыбек өзгөчө үнү, кыймылдары менен атаандаштарынан айырмаланып бир катар сыйлыктарга жетишкен.

 

Жаш манасчы Камчыбек Бактыбек уулунун таланты  менен биздин кабарчылар маек куруп келишти.

Саламатсызбы! Сиз канча жашыңыздан баштап “Манас” айтып калгансыз?

-Саламатчылык! Мен манасты бир жашымдан бери айтып келем. Кичинекей кезимде анча кызыкчу эмесмин. Кийин телевизордон Үмөт байкебиздин манас айтып калганын көрүп, өзүмө кандайдыр бир таасир алдым десем болот. Ошол учурдан тартып манас айтууга кызыгып калдым.

Эң алгач манасты айтып баштаганыңда ата-энең кандай көз карашта болгон?

-Мен Манас айтам дегенде ата-энем көп деле каршылык көрсөт жок. Мага китептерди, интернеттен залкар манасчылдардын айткан манастарын көчүрүп берип, кийимдерди тиктирип жардам беришкен.

Сизге Манас дүйнөсү эмнеси менен таасирин тийгизди?

-Калкка кеңири белгилүү болгондой эле манасчылардын мыктылары Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаков деген манасчылар болуп өткөн. Алар учурда көз алдыбызда жок болсо дагы, дайыма жүрөгүбүздүн тупкүрүндө. Мен манас айтып атканда мага кандайдыр бир күч-кубат кошулгандай болот. Эгер сен жакшы көрбөгөн ишти иштесең, көңүлүн жок жүрөсүн. Ал эми жактырган ишиң болсо, эргүү алып, көңүлүң да көтөрүңкү болуп жүрөсүң. Анын сыңарындай мен да манас айтканда демиме-дем, күчүмө-күч кошулгандай болот. Ушунусу менен таасирин тийгизсе керек.

Манасты элге жеткире айтыш үчүн эмнелер талап кылынат?

Менин оюмча ар бир нерсени жасоо үчүн 1% талант 99% эмгек керек делет эмеспи. Анын сыңарындай манасты айтуу үчүн да көптөгөн эмгек талап кылынат. Ал эмгектин ичине эмнелер кирет: көп китеп окуу талап кылынат, үнүң, кыймыл-аракеттериң айтып аткан сөзүңө шайкеш келиши керек.

Жигитке 70 өнөр аздык кылат дегендей дагы кандай өнөрлөрүң бар?

-Ооба, туура айтасыз. Мен бул өнөрдөн сырткары дагы көп таланттарды үйрөнгүм келет. Тилекке каршы манасчылык өнөрдөн башка талантым жок. Бирок аябай аракет кылып атам грек-рим күрөшүнөн мыкты спортчу болууга. Ал тармакта өзүм канаттанаарлык орундарга жетише элекмин.

Сен буга чейин “Жаш-Талант” кароо сынагында 3-орундарды алып келиптирсиң. 1-орунду алууга эмне тоскоол болуп жатат деп ойлойсуң?

-Биздин мектепте мен жактырган мугалимдердин бири Жумагулова Гүлмира эже. Ал эже менин даярдаган десем болот. Биздин айылда  атайын ийримдер жок болгондугуна байланыштуу орундарга илинбей атам окшойм. Ата-энемдин айтуусу боюнча менин үнүм жакшы дешет. Айылда үйгө да жардам бериш керек, мектепте да окуш керек.

Учурда интернет барыбызга белгилүү, барыбыз колдонобуз. Сен интернетти эмне себептен колдоносуң?

-Ооба. Ар бир үйдө жок дегенде 3 телефон бар эмеспи. Мен телефондон Манас угам. Калган убактарда интернеттен видеолорду көрөм, музыка угам. Вотсапта жазышам.

 Келечекте кандай ой-максаттарыңыз бар?

— Мен окууну бүтөрүүмө беш жылдай убакыт бар. Ал жыл ичинде мыкты окуум керек, Манасты мыкты деңгээлде айткан Үмөт байкебиз менен жолуккум келет. Биздин келечегибизди чечкен ЖРТ теске даярдык көрүшүм керек. Аны менен бирге манасчылык өнөрдү эч качан калтырбаганга аракет кылам.

 Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Мындан ары өнөрүң өрчүй берсин. Саламатта калыңыз!

Даярдаган: Бегимай Бекмурат кызы

Сынак үчүн