Өзгөчө үндүү Улук Калдарбеков

Талант-бул адамдын башка адамдарга салыштырмалуу ар кандай чөйрөдө өзгөчөлөнгөн ийгиликтерди жарата алуусу. Дал ушундай ийгиликтерди жаратуучулардын бири Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Улук Калдарбеков.

Улук өзүнүн өзгөчө үнү менен башка балдардан айырмаланат жана жыл сайын жаш таланттарга катышып, ийгиликтүү орундарды камсыз кылып келет.

Каарманыбыз учурда 11-классынын окуучусу. Келечекте белгилүү ырчы же аскер башчысы болгусу келет.

Улуктун ырга болгон шыгы бир жарым жашынан эле байкалганын айтып, апасы буларды айтып берди: «Уулубуз үйдүн үчүнчүсү. Бир эжеси, бир агасы жана карындашы бар. Бир туугандарынын арасынан жалгыз ушу балам гана ырдайт.

Ал эми уулубуздун ырга болгон жөндөмүн жаңы басып келе жатканда эле байкаганбыз. Ошол убакта айылда Нооруз майрамы белгиленип жаткан, бир убакта колумдагы там-туң баскан бала музыка чыкканда колдон тушуп кетип эле ырдап-бийлей баштады. Элдин баары таң калып «Ой, бул кимдин баласы?» дей башташты. Ошондо анын талантына маани бере баштадык. Анан ошол кечеде бир жарым жашында биринчи жолу айыл өкмөтүнөн белек алган.

Биз чыгармачыл инсан болбогонубуз менен деле кээде той-топурларда же иш-чараларда ырдап калабыз. Балким, уулубуздун ырчылык өнөрү каныбызда болгондуктан, дагы ырдап калгандыр деп калам. Атасы болсо дээрлик бардык аспаптарда ойнойт»,-дейт апасы Эркелек Асанбекова.

Каарманыбыздын ата-энеси дагы ыр-бийге жакын адамдардан.
Ал эми атасы уулу тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду: «Улук апасынын боюнда кезинде биздин айылдык клубга Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика концерт коюп келип калды. Ал учурда мен клубдун жетекчиси болчумун. Анан апасы боюндагы бала менен торт, тамак-аш жасап келген артисттерди айылдаштар коноктогонбуз. Ошондо алар ыраазы болушуп «Жарыкка келе турчу наристеңиз ырчы уул болсун,»-деп бата берген.
Балким, баламдын таланттуу болушуна ушул окуя дагы себеп болду го деп ойлоп калам»,-дейт Алмаз Асанбаев.

«Улук бой жеткен сайын музыкага өтө жакын болуп келе жатат. Кээде үйдү жанырта ырдаганда урушуп койсок тамдын үстүнө чыгып алып болгон үнү менен ырдап алат.

Эгерде уулубуз ырчы болом десе сөзсүз түрдө колдойбуз. Искусство-бул адамдын руханий байлыгы да . Эн негизгиси ун, шык, жөндөм жана талант бар болушу керек да. Менимче Улукта бул нерсенин баары эле бар деп ойлойм»,-деп кошумчалайт апасы.

Каарманыбыздын жогорудагыдай өнөрүн байкаган соң, үй-бүлөсү аны Абдраев атындагы музыкалык мектепке алып барган. Тилекке каршы, ошол учурда Улуктун мурду сынып, сынактан өтпөй калган. Андан сырткары, кичүү бала болгондуктан дагы ата-энеси алыска жибергилери келбей койгон.

«Улук абдан аракетчил, тырышчаак жана эмгекчил бала. Мен анын музыкага жакын экенин, өзгөчө ыр жагынан күчтүү экенин байкап, 5-классынан бери «Жаш таланттар» конкурсуна катыштырып келем. Өрөөндүк сынактан 3 жолу биринчиликти алды. Бирок эмнегедир эле багыбыз ачылбай койду окшойт, облустан ары өтө албай келе жатабыз»,-дейт музыка сабагынан берген мугалими Жумагул Омурова.

Ал быйыл облустук деңгээлде «Жоокер ыры» аталышындагы конкурска катышып, экинчи орунду камсыз кылган.

Улук мектептин намысын коргоп, коомдук иш-чараларга да активдүү катышкандыгы үчүн мектеп директору тарабынан Жогорку Кенешке окуучулар менен биргеликте экскурсияга жолдомо алган.

Төмөндө каармандын жандуу үн менен ырдаган ырын уга аласыздар.

Даярдаган: Самара Рыскелдиева

Сынак  учун