«Барскоон капчыгайынын сулуулугу»

Бүгүнкү күндө Барскоон капчыгайынын сулуулугуна көз жеткис. Бул капчыгай 2010 –жылы Эркингүл Иманкожоева тарабынан, айыл кеӊеш депутаттарынын колдоосу менен      « Өзгөчө корголуучу аймак» болуп кабыл алынган. Капчыгайдын ичинде асман тиреген карагайлар, шаркырап аккан тунук суулар, адамдын ден соолугуна пайдалуу бөрү карагаттар, арча-кайыӊдар өсөт.

 

Барскоон капчыгайында чет жактан келген туристердин көз жоосун алган  шаркыратмалар да бар. Белгилүу болгон шаркыратмага космонавт Юрий Гагарин келип кол тамгасын калтырган. Азыр ушул күнгө чейин Гагариндин ташы деп аталган  эстелик таш турат. Бул шаркыратмага кимдер кана кызыктаган. Жайкысын көптөгөн туристер келип эс алышып, бээнин сүтүн, кымыз ичип суктанышып кетишет.

 

Барскоон капчыгайы ташка бай келген жерлердин бири десек жаӊылышпайбыз. Тоо этектеринен оорун алган таштар ар кандай формаларга ээ. Бул капчыгайдын ичинде уламшта айтылган «Эр Табылды» көтөрүп калмактардын жолун тороп кыргыздарды аман сактап калган «Тээк» таш да бар.

Бул капчыгайдын ичи менен дүйнөгө таанымал болгон «Кумтөр Оперейтинг компаниясынын» унаалары да өтөт. Жолдору түздөлүп жасалгаланган.  Ар тараптан келген коноктор, ошондой эле Кумтөр компаниясында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары эс алып тамактанган жай да жок эмес. Бул жер карагайдын арасында, ачык асмандын алдында эс алышат.

 

«Мыкты жана кызыктуу сүрөт» сынагы үчүн.

Даярдаган: Эрлан Абласов.