«Нооруз улут сыймыгы» аталышындагы таймаш болуп өттү

306

№7 Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Нооруз майрамына арналган «Нооруз улут  сыймыгы» аталышындагы 2-класстар арасында таймаш болуп  өттү.

Таймаштын  жүрүшүндө 2-а класстын «Байчечекей», 2-б класстын «Кызгалдак» топтору: саламдашуу, улуттук каада-салттардан чагылдырып берүү, кыргыз бийи жана кыргыздын улуттук даамдары туурасында чечмелеп, айтып берүү тапшырмаларын аткарышты.


Окуучулар саламдашуу тапшырмасында улуу майрам Нооруз жана көктөм жаз жөнүндө мыкты ырларды айтып беришти.

Улуттук каада салттарды чагылдырууда «Кызгалдак» тобу балага ат коюу, ал эми «Байчечекей» тобу тушоо кесүү салтын чеберчилик менен аткарып беришти.

Улуттук тамак-аштарды чечмелеп берүүдө сүмөлөк,боорсок өңдүү салттуу даамдардын жасалышы, келип чыгышы жөнүндө көркөм ырлар менен чечмелеп айтышты.

Сынактын жүрүшүндө жалпысынан төрт тапшырма аткарылды.

Жыйынтыгында калыстардын чечими боюнча «Кызгалдак» тобу жеңишке жетишти. Жеңген окуучулар ардак грамота менен сыйланышты.

Бул тууралуу мектептин тарбия иштери боюнча жетекчиси Калиман Мааткеримова  билдирди.

Даярдаган:  Азем Маратова

Мыкты сүрөт сынагына