Тасмада ооруканага тез жардам унаасы берилди

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы ҮДТ га Швецария өкмөтүнүн каржылоосу менен тез жардам унаасы жана компьютер берилди.

Бул убакка чейин ооруканада эски маркадагы унаа болгон. Ал унаага чыгым көп кеткендигине байланыштуу жаңы унаага проект жазылган. Проект өтүп Швецария өкмөтүнүн каржылоосу менен жаңы үлгүдөгү тез жардам машинасы жана компьютерлер берилген.

Бул тууралуу Оорукананын даарыгери Жанара Коңурбаеванын маегинде машина келүүсү менен көптөгөн көйгөйлөр чечилүүдө, ар кандай кырдаалдарда, райондон алыскы аймак болгондуктан тез жеткирүүгө болот деп билдирет.

«Бул убака чейин эски үлгүдөгү машина болгон, бирок ага чыгым көп кетчү. Бул машина келгенден кийин жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп атат. Айылдын четиндеги конуштарга, тоодо жашаган тургундарга дагы тез барып кызмат кылууга болот. Андан сыркары Ооруканага компьютер, принтерлер келди» деди.

Ал эми унаанын айдоочусу Кубандык Жанеков алыскы өрөөн болгондуктан унаа бизге берилген. Кыштын суук күндөрүндө, жаандарда дагы оорулуларга үйүнө барып кызмат көрсөтүүдөбүз деп төмөндөгүлөрдү баяндайт.

«Бул машина эки айыл өкмөтүн карайт. Карасаев жана Миң- Булак айыл өкмөттөрүнө кызмат кылат. Кышында суукта, баткактарда да оорулуулардын үйүнө барып жатабыз» деди ал.

Даярдаган: Асел Мамытова

Редактор: Нуржанат Советбек кызы