Таасирдүү тасмалар Лейлекте көрсөтүлүүдө

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында окуучуларга адам укуктары боюнча Азамат Шаршендин “Жашоо керемет” аттуу даректүү тасмасы акысыз көрсөтүлдү. Бул иш чараны Sumbula FM” жамааттык мультимедиа борбору ишке ашырды.

“Бир Дүйнө -Кыргызстан” укук коргоо борборунун колдоосу менен жүзөгө ашырылды.

Максаты реалдуу жашоодо ар-бир адам өзүнүн  укуктарын сактай билүүгө, көйгөйлөрдөн алыс болууга үндөйт.

“Сары-Дөбө” орто мектебинин директору Нургазы Исманов бул фильмдин адамдарга тарбиясы чоң экендигин айтат.

“Бул фильм абдан таасирдүү экен. Берилүү менен көрдүм. Мүмкүнчүлүгүң чектелип турса дагы бир орунда отуруп калбай, же өзүңө чектөө койбой, тескерисинче жашоого чыйралта турган тарбиясы чоң фильм экен”,-дейт ал.Манас атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Насиридин уулу Бахтияр кинону кызыгуу менен көргөндүгүн жана ушундай иш чаралардын мектепте көп өткөрүлүп турушун айтып, кошумчалайт.

“Кино абдан кызыктуу экен. Баары кызыгып көрдү”,-деп өз оюн кыскача жыйынтыктады.

Бул иш чара Кыргызстандын баардык аймактарында 9-18 мартына чейин жүрөт.

Даярдаган: Данияр Бахридин уулу

“Мыкты макала”сынагы үчүн