Бакай-Ата: Чалдовар орто мектебинде адам укуктары боюнча даректүү тасма көрсөтүлдү

93

17-февралда Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылынын Чалдовар мектебинде мугалимдер жана окуучулар арасында адам укуктары боюнча даректүү тасма көрсөтүлдү.Жашоодо адам болгондуктан, өз үмүтүңдү үзбө деген кыял менен жашап келген көзү азиз балдар- кыздардын жашоосун чагылдырган тасма окуучуларга тартууланды. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу канчалык деңгээлде корголуп жаткандыгы тууралуу таасир берип өттү.

Бул тасма боюнча мектептин Чалдовар мектептин мугалими Уулкан Атакулова өз оюн мындай деп айтып кетти: «Негизи бул адамдын укугу боюнча тасма эң маанилүү экен бирок, окуучуларга бир аз оор болуп калды десем да туура болот болуш керек. 

Жалпысынан бул жашоодо алдыга койгон максатыңа сөзсүз жет деген мааниде экен, адам бул жашоодо эң чоң ийгиликти багындыра аларын түшүнүп калдым.

Чалдовар орто мектептин 10-классынын окуучусу Анаркулов Бектур өзүнүн жеке оюн бөлүштү:

«Бул адам укуктары боюнча жана көзү азиз балдар кыздар жөнүнө даагы эң чоң таасир калтырды десем болот, анткени ушул тасманы көргөндөн кийин мен өз укугумду билип алдым бирок ошондой эле адамдардын укугу тегиз корголошу керек экен деген түшүнүккө келдим».

Чалдовар орто мектебинде жүзгө жакын окуучулар, жана мугалимдер арасында «Жашоо-керемет» жана «Биз-адамзат» тасмалары көрсөтүлүп, эки сааттан ашык убакытка чейин созулду.

Даярдаган: Дамир Мамбеталиев, Айжамал Кубанычбекова