Мал багууда сандан сапатка өтүү учурдун талабы болууда

111

15-март күнү Талас облусунун Бакай-Ата районунун, Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылындагы «Нур» дыйкан чарбасында облустук деңгээлде бодо малдын эт, сүт багытында асылдуулугун жогорулатуу жолдору боюнча семинар өткөрүлдү.  «Нур» дыйкан чарбасынын жетекчисине Нурлан Сырдыбаев  демилге ким көтөрүп чыккандыгы тууралуу айтып берди:

«Мындан 25-жыл мурун СССР таркагандан бери биздин малдардын асыл тукумдары бузулуп, аз эт, сүт, жана пайдасы азыраак болуп калды ошондуктан биз ушул АКШдан алып келинген эт, сүт багытындагы малдарды көбөйтүүгө өттүк». Мал доктур Саткыналы Токобаев жасалма уруктандыруу жолу менен таза кандуу эт, жана сүт багытында уйларды көбөйтүү аракетинде. Бул иштин артыкчылыгы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:

«Эң чоң артыкчылыгы бар. Эске сала кетсек, азыркы учурда биздин уйлар эт, сүт багытындаагы уй, букалар өтө аз сүт беришип калышты, себеби АКШ, Европа, Кытай мамлекетинде бир уй күнүнө 35-40-литр сүт берет, а биздин уйлар ашып кетсе бир күнгө 15-литр эле сүт беришет. Эми ушундай таза кандуу уйларды жасалма урук менен өзүбүз көбөйтүп алсак, өзүбүзгө чоң пайда да көбүрөөк эт сүт алабыз». Иш чараны алып барган мал доктур Саткыналы Токобаев облус боюнча жасалма уруктандыруу пункттары жана канча уй сүт жана эт багыты боюнча асылдуулугу жогору саналган ири мүйүздүү малдын тукумунан жасалма жол менен уруктандырылганын айтып берди.Негизи сүт (голштин, симментал, швиц, алатау, аулетин, абердин-ангусс) жана эт багытындагы (герефорд, абердин-ангус, лимузин, белгиялык ак) породаларынын уруктары бүгүнкү күндө иш алып барып жаткан пункттарда бар экенин кошумчалады.Бул жыйынга КР Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мураталиев Марат биринчи орун басары менен, Бакай-Ата районунун акими Канымет Осмонбеков жана башка райондун акимдери орун басарлары менен, облустун бардык айыл аймак башчылары кеңешинин төрагалары менен, жайыт комитеттери, мал доктурлар келип катышып кетиши. Облус башчысы сөз кезегинде учурдун талабына ылайык айыл жергесиндеги малды асылдандыруу зарылдыгын белгилеп кетти.

Даярдаган: Бообек Чүкөтаев