Барскоон: Адам укуктары боюнча даректүү тасмалар көрсөтүлүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында Барскоон айылынын № 55 Кесипттик Лицейинде “Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XI эл аралык фестивалынын алкагында регионалдык көрсөтүүлөрдүн “Бир дүйнө-Кыргызстан 2017” программасынын кыска метраждуу докменталдуу тасмалары көрсөтүлдү.                                                                     Фестивалды 2007-жылдан бери, жыл сайын “Жарандар корупцияга каршы” Укук коргоо борбору уюуштуруп келет. Фестивалдын негизги максаты адам укуктары жана эркиндиктери көйгөйлөрүн саясий-социалдык жана экономикалык таризде көрүүчүлөрдүн терең түшүнүүсүнө, аларга сын көз караш менен карап жана андан чыгуу жолдорун талкуулоого мүмкүнчүлүк берүүчү документалдык фильмдер аркылуу илгерилетүү болуп саналат.

 

Бул Борбордук Азиядагы адам укугу боюнча жападан жалгыз фестиваль жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кинематографисттерди тартуу менен укук коргоо чөйрөсүндөгү маселелерди көрүү, талкуулоо үчүн кеңири платформаны сунуштайт.

Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева