Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү 100 күндүк отчетун берди

211

   Кыргыз өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевичтин кызматка келгенине 100 күн болду. Бул тууралу ал  13-март күнү журналисттер үчүн пресс- конференциясында билдирди.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып жыл ичинде башка жылдарга салыштырмалуу 14,4  салык көп чогулганын айтты. 37 айыл аймактын элдин жыйындарда айтылган маселелер менен  баарынын жеринен таанышып, чечүү жолдорун таап жаттык.  Элде көбүнчө суугат иштеринен көйгөйлөрү   көп. Толуп калган суу топтоочу жайларды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Тараз – Талас — Суусамыр авто жолунун 4- фазасынын курулушуна долбоор даярдалып жатат. Жалпы жолдун узундугу  199 км. Анын бүгүнкү күндө 3- фазасы 100 км бүткөн.

Манас ордо комплексине мейманкана  жана хан ордо, (заманбап кафе стилинде) жана боз үйлөрдүн оорду коюлаары айтылды.

Талас облусунун аймагында Вертекс голд кең заводу иштеп, Шыралжың кени чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат, ал эми Жер Үй кенинин курулуш иштери жүрүп жатканы айтылды. Басма сөз жыйында таза суу, авариялык абалдагы мектептер, маданият билим-берүү  тармагында суроолор берилди.

                  Даярдаган: Зоотбек Ботукеев