Кургак учукка каршы күрөшүү темасында семинар уюштурулду

Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Арбын орто мектебинде кургак учукка каршы семинар болуп өттү. Бул семинарды Арбын айылынын ден соолук комитетинин төрайымы Айгүл Мамажунусова уюштурган.

Семинарга Арбын орто мектебинин окуучулары, социалдык педагогдор, айыл тургундары, АДКнын жетекчилери катышты. Ошондой эле айыл өкмөтүнөн да келишти.

Семинар учурунда Ден- соолук комитетинин адистери, Кызыл Жарым Ай коомунун потранаждык сестрасы Мукадам Абдибаитова жана фтизиатор- врач Илхомжан Наманжанов дагы келип өз кенештерин айтышып, суроолорго жооп беришти.

Мукадам Абдибаитова: «Кыргызстанда кургак учук менен ооруган адамдар өтө көбөйүүдө. Биз ооруну алдын алуу үчүн ар кандай иштерди жүргүзүп жатабыз. Ар бир короого кирип маалымат берип, китепчелерди таратып жатабыз. Эгерде биз кургак учукту алдын алган болсок, анда биз оорунун санын азайткан болобуз,» — деди.

АДКнын төрайымы Айгүл Мамажунусованын айтымында: «Мен бул семинарды АДКнын мүчөлөрүнүн башын бириктирип, тажрыйбалар менен бөлүшүп, элге кеңири маалымат берүү үчүн өткөрдүм. Семинар мен ойлогондой эле жакшы болду жана баары көнүлдүү отурушту. Мындай семинарларды дагы уюштурууга аракет кылам»-деп оюн билдирди.

Көрүүчүлөрдүн айтымында семинар жакшы өттү жана билбеген көп нерселерди билип алдык деп билдиришти.

Даярдаган: Эльвира Садирали кызы