Кара-Суу айылынын дыйкандары жазгы талаа иштери үчүн техникаларын даярдап жатышат

Жайыл районунун Кара-Суу айылында дыйкандар техникаларын ремонттоп,
жазгы талаа иштерине даярдана башташты. 
Бул тууралуу Кара-Суу айылынын башчысы Төрөбек Алиев буларды айтты:
“Биздин айылда 2 миң гектардай айыл чарба жерлери бар. Дыйкандар негизинен беде, арпа, жүгөрү жана кант кызылчасын эгишет. Айыл чарба техникасынан айылыбызда ондон ашык МТЗ-80 тракторлору, 7-8дей ЗИЛ автомашиналары бар, бирок булардын көпчүлүгү эски. Азыр ошол техниканы айылдын дыйкандары оңдоп, жазгы талаа иштерине даярдап жатышкан убагы”.

Даярдаган: Данияр кызы Элиза