«Мыкты кыз-2018» сынагында кыздар өз өнөрүн көрсөтүштү

Ноокат районуна караштуу Кенеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Мыкты кыз-2018» сынагы болуп өттү.

Сынакка 11-классынан Таалайбек кызы Айдана, 10-классынан Орозмамат кызы Назима, 9-класстан  Сүйөрбек кызы Чолпонай жана Медербек кызы Акмаанай катышты.

Концерттик программмада:

Саламдашуу, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан монолог, Хоббиси, Чач жасоо, Кыргыз бийи, Клип аткаруу, Конок тосуу сыяктуу тапшырмалар болду.

Калыстардын чечими боюнча 1-орунда Таалайбек кызы Айдана, 2- орунда Сүйөрбек кызы Чолпонай, 3- орунда Орозмамат кызы Назима , 4- орунда Медербек кызы Акмаанай болушту.

Уюштуруучу Гүлмайрам Исмаилованын айтымында » Конкурс өтө сонун болду. Мурдагы жылга караганда өзгөчөлүктөр болду.»- деди.

Калыстардын мүчөсүндөгү Иризман Сайитматова:  «Бул сынак мен үчүн жакшы өттү. Кыздардын мындай таланттарын көрүп аябай сүйүндүк.»-деп сөзүн толуктады.

Даярдаган: Эльвира Садирали кызы