Кызыл-Кыя шаарында 8-мартка карата кыздардын сынагы болуп өттү

Кызыл-Кыя шаарында 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата кыздардын сулуулук сынагы өттү. 

Кызыл-Кыя шаарында болуп өткөн сынакка 10го жакын кыз өздөрүн тааныштырып, ыр-бийлерди аткарып, ашканадагы чеберчиликтерин жана мода көргөзүшүп, калыстар тобу берген суроолорго жооп беришти.

Сынакта башталгыч класстарды окутуу адистигинин 2-курсунун студенти Аматжан кызы Эркеайым 1-орунду ээледи. «1-вице мисс» наамына Миндайым Топчубаева, «2-вице мисс» наамына Акбермет Маматалиева татыктуу болду.Жеңүүчүлөргө күмүштөн жасалган зергер буюмдар жана башка баалуу белектер тапшырылды. Биринчи орунду ээлеген Аматжан кызы Эркеайым конкурска өзгөчө даярдык көргөнүн айтат.

«Бүгүнкү сынак абдан кызыктуу болду жана конкурска катышкан кыздардын ар бири өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү деп ойлойм. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем»,-деди жеңүүчү Аматжан кызы Эркеайым.

Аялдардын эл аралык майрамына жылына аймактарда кыз келиндер арасында конкурстар жана сармердендер байма-бай уюштурулуп келет.

Даярдаган: Дөөлөт Акжолбай уулу