Таласта №1 “Кутман айым” медалы Роза Отунбаевага ыйгарылды

106

Талас шаарындагы Байбол ресторанында 5-март күнү  аялдар жыйыны болуп өттү. Бул жыйынга Талас элине таанымал айымдары,областык админстрациясынын кызматкерлери, губернатор Марат Мураталиев, “Талас айымдар” коомдук уйумунун мүчөлөрү, “Шайыр апалар” тобу жана чыгармачыл адамдар   дагы катышты. Негизинен жыйындын максаты жазгы майрам жана коомду бириктирүү, ынтымак-ырышкерликти өркүндөтүү багытында жыйын  болгон. Ушул салтанаттуу жыйындын катышуучусу Момунтаева Арзыкандын айтымында:

Бүгүнкү салтанаттуу жыйынды “Талас айымдары” коомдук уюму уйуштурду.Майрамдык кечеге Талас өрөнүнөн 150 аял келип катышты. Ушул уюмдун ачылып иштегенине 3жылга айак басты, ошого карабай уйумда арбын иштер жасалып жатат. Мына бүгүн алгачкы “Кутман айым” медалын чыгарышып, эң биринчи медалды атактуу айым Роза Отунбаевага ыйгарышты. Ага улай Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момуновага,коомдук ишмер Розетта Айтматовага,Кыргыз эл артисти Дариха Жалгасымовага жана башка белгилүү айымдарга, баш аягы 40тан ашуун аял заттарына ыйгарылды. Салтанаттуу жыйын куттуктоолор, ыр-бийлер менен коштолуп аялдар курсант болуп үйлөрүнө кайтышты.

                  Даярдаган:Зоотбек Ботукеев