Гүлгө оронгон Таластын күндөрү

303

Үч күн катары менен Талас щаарынын кап ортосунан орун алган  музыкалык мектептин   фоеси көчөгө чейин миң түрлүү гүл зарга айлана түштү.  Себеби; Талас щаарындагы жана  район, айылдардан келген  гүл өстүрүүнү  сүйүүчүлөрдүн армиясы  жыл сайын көбөйүп  бара  жатышат.

Карап көрсөң ар бир эшик алды менен  короолор гүлгө оронгон,албетте  жалкоолор гүл өстүрө албайт денизчи бирок өзгөчө аялзатынын гүлгө болгон табити күн санап  өсүп жатат. Алар  гүл өстүрүүдөн ырахат алышат жана аз болсо да  каражат табышат  Сатыкта  турган гүлдөрдүн алдынкы  баалары   2000ден болсо арткылары 200дөн кем эмес. Рая аттуу гүлүдөрүн жаны эле сатып, калгандарын  жыйнап кеткени жаткан келинден «сооданыз кандай болду» деген сурообузга бүгүн эле тапканым 3700 сом болду, кече да саткам  деп  жылмайып жооп берди. Жаздын алды менен ажайып жытын буркураткан гүлдөрдү  карап койсон көнүлүн көтөрүлөт

Көрсө бул саамалыкты   мындан 7 жыл мурун жаш демилгечи Айнура Орунбаева баштаган  эле алгач он чакты  гүл өстүрүүчүлөр болсо,азыр алар жүздөгөн  адамдарга  жетти. Бул Айнура  уюштурган социалдык долбоордо  бир нече  үйдө иштей албай отурган аялдар, майыптар жана  социалдык жагдайы начарлар  арбын экен. Демек  гүл  өстүрүүчүлөрдүн максаты айлана- чөйрөгө жагымдуулук тартуулоо эле эмес,коомдук мамле түзүү, жагымдуу байланыштар  жана каражат  табуу болуп эсептелет. Анда эмесе бул  долбоордун уюштуруучусу  Айнура Орунбаевага сөз берели.

               Даярдаган: Зоотбек Ботукеев