Токсобаев мектебинин окуучулары Кытайга окууга жолдомо алышты

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин окуучулары Кытайга окуганга жолдомо алышты. Алар 27-февралда Нарын шаарына барып тест тапшырып жана дил баян жазып, көп упай топтоо менен окууга өтүштү. 

Бул окууга 11-классынын окуучулары Айдай Темирбекова жана Ызат Темиров өтүштү. Сынак туурасында окуу бөлүмүнүн башчысы Назира Касымбекова төмөнкүлөрдү айтып өттү:

“Бул нерсе биздин окуучуларыбыздын жана мугалимдердин эмгеги десем жаңылышпайм, себеби 11 жыл ушул мектепте билим алышып, тарбияланып, ошол билимдин жыйынтыгы менен Кытайга тест тапшырышып өтүп отурушат. 2 окуучубуз бул биздин мектебибиздин Учкун айылынын сыймыгы десем жаңылышпайм. Былтыркы жылкы бүтүрүүчүлөрүбүздөн Алмаз Эшбаев дагы жакшы тест алып ошонун жыйынтыгы менен Кытайда окуп жатат. Азыркы учурда бардык универстеттерге жолдомо алыптыр. Буюрса, биздин 2 окуучубуз  Алмаздын жолун жолдогон Кытай элине тааныткан окуучулардан болсун. Аларга кааларым окууларына ийгилик жолдору ачык болуп, ойлогон максатына жетишсин”,-деди Назира Касымбекова.

Ал жакта окуу үчүн акча каражаты көп керектелгендиктен ата-энелери башында балдарын окууга жиберери же жибербесин билбей жатышкан. Бирок бир чечимге келишип эки окуучу тең август айында Кытайга сапар алышат.

Айдай Темирбекованын апасы Гүлмира Жумагулова төмөнкүлөрдү белгилеп өттү:

«Кызымдын окуусуна каршы деле эмесмин. Эми эне катары алыс жакка кеткенине  сарсанаа болуп атам. Бирок өз эмгеги менен өтүп кетти. Болгону өтөбү -өтпөйбү деген ойдо болдум. Өзүнүн эмгеги менен өткөн адамдын эмгегин жегенге болбойт. Анан кайсы бир кездерде ошол окууга барып окусам болмок экен деген ою болбосун. Жашоо өзүнө керек, ошондуктан биз ага каршы болгон жокпуз. Кызым көп эле нерсеге кызыгат, көбүнчө китеп окуйт, үйдү тыкан кармайт, ырдайт, бийлейт, китеп чогултканды жакшы көрөт. Кызым тесттен өткөнүнө ичимен сүйүндүм. Ошондон кийин тил үйрөнүп, көп нерселерге кызыгып, өзү окуп, бул мектептен дагы жакшы мугалимдерден билим алып жатат. Ал тестке классташтары менен барды. Кыйынчылык деле болгон жок,  бардыгы оной болду деп айтты. Ар бир эле ата-эне өз балдары менен сыймыктанат, бир күнү балаң бетинен өөп койсо деле сүйүнүп, сыймыктанасың да»,-деди Гүлмира Жумагулова.

Кытайга барганда тамак-аш, жатакана жана бара жаткан жолдун акчасын окуучулар өзүлөрү чыгарышат. Ал жактан бир жыл Кытай тилин үйрөнүшүп, андан соң кесип тандап 4 жыл окушат.

Ызат Темировдун апасы Жазира Өмүралиева балсынын окуусуна каражат топтоп жатканын белгилеп өттү:

“Буюрса баламдын бир келген мүмкүнчүлугүн колдон чыгарбай каражат топтоп жаткан чагыбыз. Баламдын окуусуна каршы эмесмин, келишим түзүп бардык шарттарын аткарып келдик, буюрса күзүндө кетет. Балам тесттен өткөндөн кийин аябай сүйүндүм, Кытайга барып жер көрүп келет, тил үйрөнөт. Келечекте тил үйрөнүп, жакшы шарттарды түзүлөт экен. Быйыл балам 11-классты бүтүп жатат, өзүн сыноо үчүн барып тапшырды»-деп сөзүн жыйынтыктады.

Ызат Темиров тесттин суроолору оңой болгонун жана эч кандай кыйынчылыктар болбогонун айтып өттү:

“ Окуу жарым грант түрүндө болот экен. Окуусу бекер бирок жатаканасы жана тамак- ашы төлөп окуйсуң. Биз тестке даярдык көргөн эмесбиз. Анткени бизге бир күн калганда айткан. Нарын шаарындагы Токтогул мектебине барып тапшырганбыз. Тест тапшыруу оңой эле болду себеби суроолор жеңил эле экен. Анан дил баян жаздык. Тест тапшырып жатканда толкундандым. Тест тапшырууда кытай тарыхынан 15 суроо кыргызстан тарыхынан 15 суроо берилди. Экинчи турда дагы дил баян жаздык.  Жакшы жыйынтык укканда абдан толкундандым. Баш аягы аз эле каражат кетти. Кытайга каражат топтоп жатам. Кытай тилин үйрөнүп архитектура же болбосо курулуш жагына тапшырсам дейм”,-дейт ал.

Жалпысынан тестке 3 окуучу барып, 2 окуучу Кытайга жолдомо алышты. Алар август айында окууларына кетишет. Жалпы  50дөй бала барса анын ичинен 17 дей окуучу окууга өттү.

Даярдаган: Жанара Асанкул кызы