Окуучулар арасында «Жоокер ыры «конкурсу болуп өттү

Ноокат районуна караштуу Кенеш айыл өкмөтүндөгү Куу- Майдан айылынын Жапар Нышанов атындагы орто мектепте «Жоокер ыры» аттуу сынак болуп өттү.

Сынакка Нышанов, Ак-Чабуу, Айбек, Алпиев жана Барпы мектептеринин окуучулары катышты. Бул конкурс » 23- февраль Ата-Мекенди коргоочулар «күнүнө карата уюштурулган.

Калыстардын чечими менен 1- орунду Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин 3 окуучусу алды. Райондук турга Нышанов мектебинен 3 окуучу, Айбек мектебинен 1окуучу, Барпы мектебинен 1 окуучу, Ак-Чабуу мектебинен 1 окуучу өттү.

Жеңүүчү Далыев Мухаммед: «Мен аябай сүрдөдүм бирок жакшы эле аткардым деп ойлойм «- деди.

Калыстардын айтымында, конкурс жакшы өттү, балдарды патриоттукка чакырган ырлар көбөйө берсе деген сөздөр менен толуктады.

Даярдаган : Эльвира Садирали кызы