Гимназисттер республикалык олимпиадага жөнөштү

298

Бүгүн 3-мартта күнү Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясында өзгөчө шаң менен коштолгон линейка болуп, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов Республикалык олимпиадага жөнөп жаткан эки окуучуга ак Батасын берип, кеп кеңеши менен кошо китептерди белекке берип жөнөттү. Андан сырткары облустук олимпиаданын байгелүү орун алган гимназисттердин бардыгына жаңы чыккан китептерди белекке берди.

«Быйылкы 2017-2018 окуу жылы облустук олимпиадага гимназиябыздан ар кайсыл предметтерден 11 окуучу катышып, анын ичинен 5 окуучубуз байгелүү орундарды ээледи. Эң алдыңкы орундарды алган эки гимназистибиз Олимпиаданын Республикалык туруна жөнөп жатат. Алар 10- класстын гимназисти Эркинова Айзада Бакытбековна тарых предметинен, 9-класстын гимназисти Саматова Кызжибек- математика сабагынан. Белгилей кетүүчү жагдай Саматова Кызжибек 9- класста окуганына карабастан, 11- класстар менен анын ичинен былтыркы жылы эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү менен кошо жарышып жеңишке жетишти. Бул жерде мугалими Бүүниса Айтемированын эмгеги өтө зор экенин айтып кетүүбүз керек. Бир гимназиядан Республикалык олимпиадага эки окуучуну чыгаруу албетте зор эмгекти талап кылат. Мугалимдерибиз күжүрмөн эмгектенди. Өзгөчө башталгыч класстар мугалими Ракыя Молдоканова, Чынара Халова, предметник мугалимдер: Абдурасулова Бактыгүл, Орозова Рахат, Шералиева Диляра, Мовлянова Гүлжан, Айдарова Кымызай, Токонова Чынара, Абдурахманова Бермет, Бадиева Наргиза жана башка мугалимдер зор эмгек көрсөттү.

Даярдаган: Анварбек Тухтаров