Талас шаарындагы Кызыл Ай Коому көп адамдарга жардам берип келет

226

Кыргызстан Кызыл Ай Коому гуманитардык ишмердүүлүгүн 1926-жылдан бери аткарып келе жатат. Уюмдун миссиясы өлкөнүн бардык жети аймагы боюнча калктык аярлуу топторунун жашоосун жакшыртууда жана жеңилдетүүдө. Ал эми бүгүнкү күндө Талас шаарындагы Кызыл Ай коому эң жакшы иш чараларды жүргүзүп, жардамга муктаж, жетишпеген үй-бүлөлөргө же жетим балдарга кийимдер жана тамак аш менен жардам берип, өз ыктыярчылары менен кичине балдардын көңүлүн ачуу максатында чакан концерттерди уюштурушуп, көптөгөн жардамдарды көрсөтүүдө.

Бул тууралуу кененирээк маалыматты Кызыл Ай Коомунун кан тапшырууну өнүктүрүү боюнча кызматкери Кулипа Шаршенова  айтып берди:

Кызыл Ай Коому көп багытта жумуш алып барат, алардын арасынан саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаал учурунда өзүн-өзү башкаруу,көп балалууларга, кары-картаңдарга, жетимдерге кийим-кече, тамак аш менен жардам берүү. Кызыл Ай Коомунун эң негизги максаты бул аярлуу катмардагы элдин жашоосун жеңилдетүү.

   Даярдаган: Толгонай Тимурова