Шаңкол айылына балдар бакчасы ачылды

Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылына балдар бакчасы ачылды. Балдар бакчасынын курулганын себеби, айылда балдар көп болуп, мурунку бала бакчага батпай, бала бакчага бара албай калган.

Балдар бакчасын айыл тургуну Эркайым Сатиева ачкан. Ал өзүнүн жашаган үйүн балдар бакчасына айландырып, өзү болсо ашканасында жашайт. Бала бакчаны ачууга демөөрчү болуп Сатиева Эркайымдын уулдары жана элдер жардам беришкен.

Бала бакча 40 балага ылайыкталган. 40 баланы 5 тарбиячы тарбиялайт. Балдардын ата-энесинен айына 500 сом өлчөмүндөгү акча алынат, анын 400 сому балдардын тамак-ашына кетсе, ал эми 100 сому бакчага сарпталат. Тарбиячыларга мамлекеттен айлык акы берилет.

Бала-бакчанын мүдүрү Эркайым Сатиева: » Мен мурунку эски бала бакчада 20 жыл иштегенмин. Андан кийин пенсияга чыктым эле, карап көрсөм, бала бакчага батпай калган балдар үчүн жаңы бала бакча ачсам деген ой келип, азыр мына бала бакча да ачып сүйүнүп турам,»- дейт.

Айыл тургуну Фарида Абдразакованын айтымында: «Биздин балдарыбыз бала бакчага батпай барбай калып калат эле, азыр болсо эки бала бакча болуп, балдар батпай калган учур жок»- деп билдирди.

Даярдаган: Насиркул кызы Айжибек, Рахматилла кызы Нургүл