Мамыткан Иманалиев орто мектебинде Мекенди коргоо күнү белгиленди

249

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата концерт өткөрүлдү. Бул концерт кыздар уюму тарабынан коюлган.

Бул тууралуу М. Иманалиев мектебинин уюштуруучусу Калмира Касмалиева буларга токтолду:

“Бүгүнкү кечебиз Мекенди коргоо күнүнө арналгандыктан, айылыбыздагы Ооган согушунун ардагери Айдаркул Сулайманов атабызды дагы чакырганбыз. Бул концерт кыздар уюму тарабынан уюштурулуп, жалпы мырзаларга жакшы маанай тартуулады.”

“Биз кыздар уюму чогулуп жалпы агайларга, байкелерибизге, инилерибизге жакшы маанай тартууладык деп ойлойм. Биздин мектепте тогуз агай бар, ошол тогуз агайга белектерди берип көңүлүн көтөрдүк”- дейт 11-класстын окуучусу Гүлнура Казиева.

Даярдаган: Аман Шаршенбеков