Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн көчөлөрү жарыктандырылды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн көчөлөрү жарыктандырылды. Көчө жарыгы Архимед Турдубеков аттуу борбордук көчөлөрүнө тургузулган жана 3 километрге жакын көчөлөр жарыктандырылды.

Жарыктандырууга Айыл өкмөттүн эсебинен 300000 /үч жүз миң/ сомго бүтүрүлдү. Мурун караңгыда коркуп жүргөн эл эми күндүзгүдөй жүрө алышат. Жүзгө жакын электр мамычалары, столбалар ошого жараша электр чубалгылары тартылып, ишке берилди.

Көчөлөрдү жарыктандыруу бир айга созулду. Ар бир кырк метр сайын жол чырактары орнотулган жана жолдун эки бетине тең коюлду. Жол чырактары айыл өкмөттүн эсебинен курулуп, 50 гө жакын жол чырактары орнотулду. Чыракка чыгымдалган электр жарыгынын толөмдөрүн айыл өкмөтү каржылайт.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн маалымат катчысы Маматкул Асанов:

«Кыргыз-Ата айыл өкөмүтүнүн кире беришинен баштап, 3 км ге жакын жолубуз жарыктандырылды. Мурун элдер жарыктандыргыла, караңгыда балдарыбыз коркуп жатышат деген эле, мына эми көчөбүз да жарык болуп калды»-деп билдирди.

Айыл тургундарынын айтымында: » Мурун караңгыда көчөдө жүргөндөн коркот элек, азыр болсо көчөлөрүбүз жарык болуп калды, аябай кубанып турабыз, көчөдө коркпой жүрөт экенбиз»- деп билдиришти.

Даярдаган: Замирбек кызы Фатима