Таласта түнкү рейд учурунда 22 жаш өспүрүм кармалган

195

Талас шаарынын аймагында “Подросток ночь” аталыштагы атайын рейд өткөрүлгөн. Бул рейддин максаты жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана профилактика жасоо. Бул рейддин аты айтып тургандай өспүрүмдөрдүн түнкү саат  22:00 дон баштап көчөдө ата-энесинин жана коштоп жүрүүчү туугандары жок жалгыз жүргөн өспүрүмдөрдү текшерүү жана өзүн алып жүрүүсү да текшерилди.

Бул тууралуу Талас ОИИБ басма сөз катчысы Динара Сарнагоева билдирди.

Рейддин убагында коштоп жүрүүчү адамдары жок, жалгыз көчөдө жүргөн 22 жаш өспүрүм балдар Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Бул өспүрүмдөрдүн ата-энелери жоопко тартылган. Протокол түзүлүп, ошонун негизинде чара көрүлгөн.

 Даярдаган: Тимурова Толгонай