Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Кыргыз радиосунда маек курушту

195

Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун координатору жана кабарчылары Кыргыз радиосунда “Кутман таң” программасында маек курушту.

https://cloud.mail.ru/stock/Ue7WLsyYvn2bhZsgaKQq47e9

Бул тууралуу мультимедиа борборунун координатору Анара Мааметова төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Мен Бишкекке эки кабарчым менен “Радио уктурууларды даярдоонун негиздери” аттуу семинарга келип, ошол учурдан пайдаланып, Коомдук телерадио корпорациясына экскурсияга барганбыз.

Экскурсияны Кыргыз радиосунун кызматкери Чынара Итигулова уюштуруп берди. Кыргыз радиосунун “Кутман таң” программасына маекке катыштык. Бул маек биздин мультимедиа борбору туралуу болду. Эки кабарчым менен бардым. Маек жарым саат болду. Жарым сааттын ичинде көптөгөн суроолорго жооп бердик. Мультимедианын кантип түптөлгөнүн, эмне максатта иштеп жатканын, элге кандай пайда алып келгенин жана кабарчылар эмне максатта иштеп жаткандыгы туралуу маалымат бердик» .

Даярдаган: Нуриза Рыскулова