Кыргыз-Ата айыл өкмөтү таза суу чыгарылып жатат

Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жашоочулары үчүн таза суу чыгарылып жатат. Кыргыз-Ата айыл өкмөтү боюнча таза суу программасы кирип, ишке ашып 650 млн сомдук долбоор түзүлүп 335 млн сомго тендерден утуп, азыркы мезгилде 95 млн сомдук иш бүтөр алдында турат.

Азыркы учурда дагы төрт айылда иш кызуу жүрүп жатат. Таза суу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бардык айылдарына чыгартылып жатат. Азыркы учурда бир айыл бүттү, калган айылдарда иш жүрүп жаткан чагы.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жашоочулары эми таза суу менен кенен камсыз боло алышат. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн тургундары мурун таза суу менен кыйналып келишкен болсо, бул иш аяктары менен таза сууну үйүнүн алдынан ала алышат.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн маалымат катчысы Маматкул Асановдун айтымында » Бул долбоор өтө чоң долбоор азыркы учурда бул Кыргызстанда эки жерде гана ишке ашкан».

Айыл тургуну Ташбалта уулу Алтынбектин айтымында » Биздин айылга суу чыгарылып жатканына аябай кубанып турабыз. Мурун суу ташып кыйналат элек, эми ар-бир эки, үч үйгө суу түтүгү орнотулса, суудан кыйынчылык деле болбойт»- деди Ташбалта уулу.

Даярдаган: Айжибек Насирова