Казарман- Ак-Союл участкасына кар көчкү түштү

230

Тогуз- Торо районуна караштуу Казарман- Ак- Союл участкасына кар көчкү түшүп жол жабылды.

Бул тууралуу жол жүрүп бара жаткан  Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун координатору Анара Мааметова төмөнкүлөрдү билдирди:

“Бүгүн 15-февралда  кардын токтобой тынымсыз жаагандыгына байланыштуу Казармандын Ак-Союл деген жерине кар көчкү түшүп жолду тороп калды.

Бир нече убакыт күткөн соң райондун акими Идирисов жана ДЭП-18 жол тейлөө  ишканасынын жетекчиси келип, кабар алып, жол тазалоочу техникаларды чакыртышты. Бирок жолдо бара жаткан жүргүнчүлөр 3 сааттай күткөн соң артка кайтып жатышты.

Биз борборго “Радиоуктурууларды даярдоонун негиздери” деген темадагы семинарга  эки кабарчы менен кетип бара жатканмын, бирок шартка байланыштуу биз да артка кайтууга туура келди”,-дейт Анара Мааметова

Даярдаган: Нуриза Рыскулова