Окуучулар Ооган согушунун аскерлери менен жолугушту

15-февраль- тарыхтагы эң бир эсте каларлык күндөрдүн бири. Бул күнү Советтер Союзу өз аскерлерин Ооганстандан чыгарган. Жайыл районунун Кара-Суу айылында Ооган согушуна катышып келген эки ардагер жоокер бар. Алар, Самудин Оңолбаев  жана Урмат Астаркулов. 


Бүгүн Кара-Суу орто мектебинде окуучуларды тарбиялоо катары ардагер жоокерлер менен жолугушуу уюштурулду.
Балдар Афган жоокерлерине арнап, чакан концерт тартуулап, ардагерлер болсо Афганистандагы согуш тууралуу айтышып, мекенди коргоого дайым даяр болгула деп, окуучуларга, жаштарга кайрылышты.

Окуучулар жана мугалимдер ардагерлерге ден соолук жана ийгиликтерди каалашты.
Даярдаган: Султаналы Чакчагаев