Өрөөндүк “Манас таануу” таймашына окуучулар даярдык көрүүдө

69

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев орто мектебинин 8-9-10-класстын окуучулары «Манас таануу» таймашына даярданып жатышат. Бул сынакка 7 айылдын мектептеринин окуучулары катышат.

Маалыматка караганда «Манас таануу» таймашы 14-февралда Кызыл-Жылдыз айылында өткөрүлөт. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Калмира Исмаилова «Манас таануу» таймашы өрөөндүк таймаш болорун айтты:

«Биз бүгүнкү күндө окуучуларды «Манас таануу» таймашына даярдап жатабыз. Окуучуларыбыздын «Манас» эпосуна болгон кызыгуусу абдан жакшы. Бул таймаш биздин мектепте өтөт. Жети мектептин окуучулары келип, ар бир командада  бештен окуучу катышат жана атайын комиссиялар түзүлүп, андан кийин «Манас таануу» башталат».

«Биздин «Манас таануу» таймашына болгон даярдыгыбыз жакшы. Буюрса 1-орунду алабыз деген үмүттөбүз. Мурда катышып 2-3- орундарды алып келгенбиз», дейт 10-класстын окуучусу Нуриза Аскарбек кызы.

Даярдаган: Адилет Курманбеков