Гапыр Мадаминов Сүлүктүгө билим майрамын тартуулады

275

 

Кычыраган кыш мезгилинде даанышман асыл ой, нускалуу сөздөрү, маанилүү кеп-кеңештери, эң негизгиси илимий эксперименталдык жааттагы педагогикалык  жетишкендиктери менен бөлүшкөн-Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген мугалими  Мадаминов Гапыр Маматкулович өзү менен бирге тажрыйбалуу мугалими (2 жолу окуучулары Республикалык олимпиадада 1-орунду ээлеген!) Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги- Чынара Токтоназарованы,  бүгүнкү күндө Москвада магистратурада окуп жаткан окуучусу Кенженазар кызы Айнураны алып келип сүлүктүлүктөргө билим майрамын тартуулады.

«Жыйын эрте менен саат 9-00 дө башталып, саат 16-30 га чейин уланып, алгач пленардык жыйын, кийин ЖРТгө жана Облустук олимпиадага даярдануу боюнча эки багытта секциялык иштер болуп соңунда жалпы талкуу менен жыйынтыкталды, ушунчалык кызыктуу болгондуктан убакыт кантип өткөнү байкалбай калды»- деп маалымдады уюштуруу тобунун башчысы, №1- орто мектебинин директору К.М. Сапарбаев.

«Бул иш чара өз убагында өткөрүлгөнү өзгөчө маанилүү болду, анткени облустук олимпиадага жана бүтүрүүчү класстарды ЖРТгө даярдоо кызуу жүрүп жаткан мезгилде бул иш чара бизге аба менен суудай зарыл эле. Кырдаалга туура баа берип, чоң түйшүк менен бизге Билим майрамын уюштуруп берген Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исманов Абдибахап Жалиловичке жалпы катышуучулардын атынан терең ыраазычылык билдиремин»- дейт №9-гимназиянын директору Рустамова Базаргүл Саттаровна.

«Гапыр агайдын жана шакирттеринин ден-соолугу чың, өмүрлөрү узун болсун, бүгүнкү күндө билгенин бөлүшкөн да чоң эрдик, көрүлгөн камкордук бизди шыктандырды, буйруса ЖРТгө жаңы дем, жаңы күч менен даярданып, шаарыбыздын намысын коргойбуз»- деп №9- гимназиянын бүтүрүүчүсү Бердиева Айтурган толкундануу менен өз оюн билдирди.

Жыйынга Сүлүктү шаары боюнча бардык мектептерден тандалган 112 окуучу жана 30 ашуун мугалим катышты.

Кабарчы:            Бакытбек Сапаркулов