Айыл кароосуз калган иттерден тазаланды

Нарын районунун Учкун жана Куланак айылдарында кароосуз иттерди тазалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 2017-жылга 20 000 сом бөлүнгөн. Рейд эки күн жүрүп 118 ит жок  кылынды.

Атайын буйрук менен ветеринар, участковый, облустук мергенчилер мекемесинен келген адамдар менен биргеликте айыл ичин кыдырышып, кароосуз көчөдө жүргөн иттер жок кылынды. Учурда Куланак айылынан 65 ит, Учкун айылынан 53 ит  атылды- дейт Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Касымакун Мамырбаев.

Куланак айылынын ветеринары  Райымбек Кеңешбек уулу буларга токтолду:

“Жобого ылайык ар бир айылдан 100 дөн ит жылына тазаланып туруш керек. Бир итти аттыруу баасы 200 сомдон. Бул акчалар облустук мергенчилер мекемесине төлөнөт. Ал жактан атайын мергенчи ок дарылары менен келип, кыдырып атып кетет”.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында, 2018-жылга бюджеттен 50 000 сом сураганы жатканын жана 30 000 сомду карышкыр жок кылууга жумшалары пландалууда.

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева