Талас шаарында “Акылкарачач” оюнунун биринчи бөлүгү өттү

129

 

Талас шаарындагы №6 орто мектебинде кыздар арасында “Акылкарачач” аттуу оюндун биринчи бөлүгү өткөрүлдү. Бул оюнга Талас шаарындагы бардык мектептердин 10- классынын окуучулары команда менен география, математика, кыргыз тили жана адабияты, тарых сабактарынан суроо берилип, биринчи бөлүгү аяктады. Бул оюнга катышкан окуучулардын арасынан №1 орто мектебинин окуучусу Файзудин кызы Мадинанын айтымында :

«Бул убакытка чейин 2017-жылы апрель айларында да 4 тур болуп жеңүүчүлөргө жакшы белектер тапшырылган. Ал эми азыркы учурда дагы мектептер арасында оюн өткөрүлүп жатат, жакшы орундарды багындырабыз деген ойдомун.

Негизинен “Акылкарачач” оюну 4 бөлүктөн турат, ал эми бугун биринчи бөлүгү болуп өттү. Бул оюндун катышуучуларынын жыйынтыгы 4 бөлүктө аныкталат.

 Даярдаган: Толгонай Тимурова