Мектептин деңгээлин жакшыртуу боюнча семинар өттү

270

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев орто мектебинде мектептин деңгээлин жакшыртуу жана демилгелүү топ түзүү боюнча семинар болуп өттү. Бул семинарды Нурлан Абдразаков  аттуу адис  уюштурган. 

Бул тууралуу “Кара-Чий” жамааттык мультимедиа борборуна М.Иманалиев орто мектебинин уюштуруучусу Калмира Касмалиева билдирди.

Анын айтымында бул долбоор Япония менен Кыргызстандын келишими аркылуу түзүлүп, 2020-жылга чейин иш жүзүнө ашырылат дейт:

“Бизге Нурлан Абдразаков Кыргызстандагы мектептердин деңгээлин жакшыртуу долбоору тууралуу маалымат берди. Бул демилгелүү топту түзүү боюнча мугалимдер жамааты, ата-энелер жана окуучулар биргеликте топ түзүлдү. Ар бир топто мугалимдерден төртөө, ата-энелерден төртөө жана окуучулардан төртөө болуп бөлүнүштү жана лидерлер шайланды. Бул долбоордун максаты гранттын эсеби менен мектепти каржылоо. Бул топтор өздөрү жыйын куруп, проектилерди жазуу менен мектепке грант, пайда алып келе алышат.”

“Биз окуучулардан төртөөбүз катыштык. Жалпы он экибиз. Биздин аткарган кызматыбыз мектептеги иш чараларды уюштуруп жана ар кандай кырдаалдарга жооп беребиз.” – дейт 9-класстын окуучусу Адил Чечейбаев.

Даярдаган: Аман Шаршенбеков, Адилет Курманбеков