Сокулук районунун Токбай айылында ири комплекс курулууда

149

Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Токбай айылында жергиликтүү тургундардын бир топ көйгөйүн чече турган ири курулуш  жүрүп жатат.

Бул иш чара жөнүндө кеңири маалымат алуу үчүн Айыл өкмөтүнүн башчысы Оморбеков Замир Нурманбетовичке кайрылдык.

-Биз Токбай айылында ири курулуш салынып баштаганын уктук, ошол жөнүндө толугураак айтып бересизби?

«Токбай айылында азыркы күнү араб өлкөсүнөн «Ассалам» фондунан спонсорлор   чыгып жатат. Бүгүнкү күнү бизден жер сурашкан, биз айылдык  кеңештин сессиясында бекитип, 1 гектар жер бөлүп бердик. Ал жерге мектеп-интернаттын фундаментин куюп башташты, 11 класска чейин окушат. Андан тышкары тигүүчү цех, столярный цех, больница салынып жатат. Азыркы күнгө чейин Токбайда мындай нерселер жок болчу. Кийинкиси спорттук мелдештерди өткөзөбүз деп кичи-футбол талаасын  куруп беришет. 450 киловаттык трансформатор тургузулду. Бул курулуштун артынан Токбай айылынын көйгөйлөрү чечилип жатат. Бир жагынан ФАП маселеси, спорт аянтчасы, трансформатор маселеси чечилип, ушунун баары бир комплекс болуп курулат 1 гектар жердин ичинде» — деп айтты айыл жетекчиси.

Даярдаган: Эркеайым Осконова, Сайкал Медербекова