Россиядан жумуш издеген айыл тургундары

Миңдеген Кыргызстандын жарандары бир топ жылдан бери Россияга барып иштеп, кайра келип, кайра кетип жатышат.
Мисалы, Кара-Суу айылынан бир топ кыз-келиндер, үй-бүлөлүү жаштар балдарын чоң эне, таенесине таштап коюшуп, Россияда, Турцияда эмгектенип жүрүшөт.


Көпчүлүгү үй кызматкери, ашканада, дүкөндөрдө сатуучу, көчө тазалоочу болуп иштеп келип жатышат.
Кара- Суу айылынын тургуну Наргиза Исманкулова да, күйөөсү менен Россиянын Сургут шаарына барып иштеп келишкен.

 
Наргизанын айтуусу боюнча Сургут шаары аябай суук.

“Мен ал жакта мектепте, ашканада иштедим, 7 ден 3 кө чейин. Иштесе болот, бирок өз мекениңдей болбойт экен, бөтөн жер дегендей, абасы нефть жыттанат, сууну болсо сатып ичесиң. Айлыгым 20 миң рубль болчу. Күйөөм болсо “дворник” болуп иштеди.Россияга барып келүү оңой эмес. Баратканда самолет менен учуп бардык, кайра болсо автобус менен Казакстан аркылуу, эки жарым суткада, келип калдык
Азыр болсо айылда элебиз.”

Даярдаган: Анвар кызы Айзада