“Бапа берметтери” шайыр апалар тобу отчеттук концерт тартуулашты

Үстүбүздөгү жылдын 31-январда Бапа элинин таланттары «Бапа Берметтери» шайыр апалар тобунун отчеттук концерти болуп өттү. «Бапа берметтери» тобу 2016-жылы жергиликтүү тургундардын арасынан талантуулар тандалып уюушулган. Бул топ буга чейин да Барскоон айылында өткөрүлгөн ар кандай майрамдарда эл алдына чыгып , элдин алкышына ээ болушкан.Жашы улгайып калгандарына карабастан сахнада өз өнөрлөрүн жаштардан кем калышпай тартуулашууда. Отчеттук концертинде ыр менен эле чектелип калышпастан, апалар суйкайып ооз комуз чертишип, үч кыл комузда кол ойнотуп, эркектерден кем калышпай кыяк чертип жада калса Манас да айтышты.

  Апалардын бийлегендери, ал эле эмес аткарган интермедиялары элдин купулуна толуп, чер жазышты. Апалардын алдыга койгон чоӊ максаттары бар. Алар эл алдына чыгып ырдап эле тим болбостон республика боюнча өткөрүлүп жаткан «Шайыр апалар» конкурсуна катышсак, деген чоӊ тилектери бар экендигин шайыр апалар тобунун уюуштуруучусу Арсар Бектурова айтып берди:

  

      SHajyr-apalar-1

«Барскоон айылынын Бапа элимде шайыр апалар сыяктуу таланттар аябай көп. Ошону үчүн уюштуруп эл алдына чыгып, республикага чейин чыгалы деген ниет менен уюуштурдум. Жаш курактары 45 жаштан 65 жашка чейинкилер. Патриоттук сезимибиз менен көйнөктөрдү тиктирдик. Кудай буюрса, айыл өкмөткө кайрылуу жасадык. Бөлүп берген акчасына көйнөк тиктирип, анан музыкалык аспаптарыбызды алалы деп жатабыз».                                                                                                                    Атына заты жарашып  шайыр апалар тобуна, эл алдында өз өнөрүн тартуулаш үчүн келген Тотукуш Исмаилова көптөн бери ырдап келет. Мындан тышкары, ар кандай сценкаларды аткарып, элдин алдына актер катары да таанылып келет. «Бапа берметтери» тобунун мүчөсү болгондон бери, топтун ар кандай иш чараларына эч үзгүлтүксүз катышып келе жатканын жана мындан ары да чоӊ ийгиликтерди жаратууга аракет кылаарын төмөндөгүчө айтып өттү:

«2016-жылдан бери эле биздин маданият үйүндө эл алдында ырдап, интермедияларга активдүү катышып жүрөм. Бизде таза суунун ачылышы болгон, ошондо түзүлгөнбүз. Үркүн окуясы болгон, ошондо катыштым. Өрүк фестивалы болду, жакшы маанайда өттү. Шайыр апалар үзбөй, калтырбай, кемитпей жакшы чыгып келе жатабыз».

Элдин көӊүлүн көтөрүү үчүн коюлган отчеттук концерт эӊ жогорку деӊгээлде өттү десек жаӊылышпайбыз. Анткени көргөнү келген жергиликтүү тургундар моокумдары кангыча күлүп, бир сыйрадан жаштык кездерин да эске салган ырларды угушуп, чер жазышты. Шайыр апалар ушуну менен эле чектелип калбастан, республикалык конкурстарга катышса жакшы болот эле, деген оюн Айнура Ишенбай кызы мындайча билдирди:

«Аябай жакшы ой пикир калтырды. Дагы-дагы мындай концерттерди көп берсе, биз көрүп, жаш келиндер, апалар үйүнөн чыга албай жаткандар булар аркылуу ырдап чыгышса. Мен деле ырдагым келет. Бизде кыргызда ырчылар көп эмеспи. Улуу муундагылар жакшы жакка үлгү болсо, жаштар ошол жол менен түшөт. Бул аябагандай жакшы. Шайыр апалар мындан кийин кадамы аябай жакшы деӊгээлде өнүксө деп ойлойм. Мындан кийин да республикадагы «Шайыр апаларга» чыкса деп ойлойм».

Сюжетти даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева