Сүрөт баян: Кыш мезгилинин кереметтүү көз ирмемдери

Нарын районуна караштуу Учкун айылында кыш мезгили жылдагыга караганда быйыл жылуу. Кыштын кереметтүү көрүнүштөрүн сүрөт баян  менен сунуштайбыз. 

Айыл тургуну Талант Абдиевдин айтымында кыш мезгили быйыл суук болуп, көмүр да кымбат болгонун белгилеп  өттү:

-Негизи кыштын кыштай болгону жакшы делет эмеспи. Эмнегедир жылдар өткөн соң кыш дагы кыштай эмес, кыш сууктугу, бороон -чапкындуулугу менен башка мезгилдерден айырмаланат да. Азыр кыш суук түнкүсүн, кээде болсо жайдын күнүндөй кар эрийт. 


Майрам Бейшеналиева көбүнчө ага кыш мезгили эгер жылуу болсо, ошонусу менен жагарын айтты:

-“Мага кыш мезгили аппак кардай аруулукту алып келгендиги, айланага көз чаптырсаң бардык жер таптаза, аппак. Илгери Үркүн болгондо кыргыздар Кытайга качканда, кыштын ызгаарына, кыштын заарына чыдай албай көбү каза тапкан. Азыр болсо, кыш деле өзүнүн маанисин жоготуп бараткандай”.

Салтанат Абдиева: “Көбүнчө мага жай мезгили жагат, себеби жайында кыштын суугун сезбей, ооруну билбей өткөрөт эмеспизби. Күпчүйбөй жука кийинип, өзүңдү эркин алып жүрөсүң. Кышында көбүнчө жылуу үйдөн чыкпайсың, бирок ошонусу менен бирге эле эшикте таза аба”.

Даярдагандар: Айжамал Рысбек кызы, Бегимай Бекмуратова, Жанара Асанкул кызы