Айыл тургуну үч бөлмөлүү батир утуп алды

Орок айыл өкмөтүндөгү Кашка-Баш айылынын тургуну Айнура Беркутова 1998-жылдан тартып, үй-бүлөсү менен чакан соода борборун иштетип келет. 23-январда “Аю” компаниясы тарабынан “Үч бөлмөлүү батирдин” сертификатына ээ болду.

Бул тууралуу дүкөндүн ээси Айнура Беркутова мындай деди:

“ Мен, айылга келин болуп келгенден тартып, үй кожойкеси болгондуктан, ушул дүкөндү иштетүү кесипти аркалаганыма быйыл жыйырма жылдын жүзү болду. Дүкөнүбүз чакан эле болчу, кийинчирээк оңдоп чоңойттук. Анткени, заманбап дүкөндөр ачыла баштаган. Кардарларыбыз азайып, соода сатык жүргүзүүбүз да азайган. Дүкөн иштетүү менен үй-бүлөлүк кирешеге салым кошуу бир топ эле таасирин тийгизди. Биздин Кашка-Баш айылы Орок айыл өкмөтүнүн ортосунда жайгашкан. Азык-тулук сатып алыш үчүн Ош базарга же Жал айылына катташ керек. Убакыт, шарт ар дайым эле болбойт. Кийинчирээк элдин суранычы боюнча дүкөндү чоңойтууга туура келди.  Ата-эне болгон соң, балдарыңды эле ойлоп калат экенсиң, дүкөндөн түшкөн киреше үй-бүлөмдүн керегине жарап берсин деп. Айылда кардарларга кызмат кылуу менен үй-бүлөбүз жалпы киреше табууга да эмгектенебиз. Студент балдарымдын жол киреси, тамак-ашына ошондой эле той-топурларга дегендей тапкан кирешебиздин орду эсептелүү. Ал эми 2018-жылдын жаңыруусу менен биздин үй-бүлөгө чоң кубаныч болду, себеби, биз дүкөнгө “Аю” фирмасынын продукциясын жумасына эки жолу заказ берип, сатыкка коебуз. Алты айдын ичинде он беш купон чогулттук. Ичинен Айсулуу кызыма таандык купон быйыл 23- январда ойнотулуп, байгелүү “Үч бөлмөлүү батирдин” сертификатына ээ болдук.”-деди ал.

Даярдаган: Мээрим Барманова, Гулайым Адылбек кызы