Бакай- Атада чакан бизнести өнүктүрүү боюнча окуу болуп өттү

170

1-февраль күнү Бакай-Ата айылында «Чакан ишкананы кайра иштетип чыгарса болот» деген темада окутуу жыйыны өттү.

Жыйындын уюштуруучусу «Азык Түлүк Дүйнөлүк Программасы» менен биргеликте «Хелс Пром Плюс» коомдук фондунун жетекчиси Канай Кайыпов Бакай-Атанын жергиликтүү тургундары менен биргеликте айылдагы бизнес ишкананы кайра иштетип чыгарууну талкуулады. Бул тууралуу кеңири билүү үчүн Канай Кайыповго кайрылдык:

-«Бакай-Ата айылына кандай максат менен келдиниз?

-Мен Бакай-Ата айылына келген максатым Бакай-Ата айылынын тургундарына айылдагы бизнести кантип баштап, кантип жүргүзүп жана баштаса болот, ошого расмий жана жең ичинен канча акча төлөйт, канча убакыт кетет, ошону аныктаган грант берүүчү уюм- инвестордун өкүлү катары тренер болуп келдим. Азыркы учурда айылдагы бизнес деген чечимди биринчи кезекте, дал ушул рейтингге карап кабыл алат экен. Биз, мисалы, чакан айылдагы ишкананы кайра иштетип чыгуу жагынан бул жолундабыз. Бул демек, Бакай-Ата айылына чакан бизнести кылам деп келген адам да болот да.

-Айылдагы бизнестин өнүгүшүнө көз карашыңыз кандай?

-Эми айылдагы бизнести жаны экономика инвестицияны тапса болот. Менин көз карашым айылдагы чакан бизнести баштаса болот, муну тындырбай иштетип өз ордун табуу керек.

— Айылдагы чакан ишканага каяктан инвестор тапса болот?

Менин билишимче, интернет аркылуу эл аралык уюмдар бар ЮСАИД, БАС, программасы жана айылдагы чакан ишканаларды инвестирлоо программасына дал келиштирип өзүнүнүн сунушун айтып, тааныштырып, долбоорун сунуштаса болот».

Бакай-Ата айылдын тургуну Бектурган Молдобеков бүгүнкү тренингден кандай билим ала алгандыгы тууралуу айтып берди:

«Негизи эле бул айылдагы чакан ишкананы кайра иштетип чыгаруу деген бизге керектүү оокат экен.  Бүгүнкү тренингден окуу ичинде кооптондуруучу эч кандай олуттуу жагдай жок. Бул тууралуу бүгүн Азык Түлүк Дүйнөлүк Программасы менен биргеликте Хелс Пром плюс коомдук фонду өнөктөш катары иш алып барган Канай Кайыпов Бакай-Атанын жергиликтүү айылдын тургундары менен жолугушууда да айтылды. Жалпысынан алар жыл жыйынтыгына жакшы жана оптимисттик көз карашта. Жана айыл иччиндеги ишкананы кайра иштетип чыгаруу максатында грант бөлүнүп 15000 доллар өлчөмүндө айылдагы чакан ишкананы кайра иштетип чыгаруу максатындагы жыйын болуп өттү.

Айылга негизи дыйкандарга кирешелүү жана аны сатып пайда таба турган чакан ишкана ачуу зарыл. Мисалы, пайдасы жок ишкананы ачып алган кимге кереги бар эле. Ошондой эле комлекстүү устакана цехин ачып койсо эң керектүү оокат эле жана токарный станок алып келсе, азыркы учурда трактор, техника жабдыктарга керектүү оокаттардын бири эле».

Даярдаган: Нургиз Мадыярбеков