Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү жаштар менен жолугушту

63
      ZHashtar-n-n-uguu

31-январь күнү Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө  “Жаштардын үнүн угуу” аттуу жыйын өтүлүп, ал жакта жаштар өз оюн жана сунушун Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевге түз айта алышты.

Азыркы учурда көйгөйлүү маселелер көп болгондуктан жана аларды чечүүгө бир гана өкүлчүлүктүн чечими эмес, жаштардын, деги эле элдин көз карашы да өтө керек. Болуп өткөн бул жыйында Марат Мураталиев Талас облусу үчүн алдыга койгон максатын толугу менен элге жеткирип, жаштардын сунуштарын жана пикирлерин угуп, жана төмөндөгүчө суроолор менен кайрылды: Келечекте  Талас облусун кандай элестесиңер? Биздин облус өсүп- өнүгүсү үчүн кандай иш-чараларды жүргүзсөк силерге ыңгайлуу болот? Кандай көйгөйлүү маселелер бар? Жыйында олтурган жаштар өз ойлорун кенен айтышып, облустун өкүлү Марат Мураталиев менен бир айда бир жолу жолугушуу болуп турары чечилди.

Жыйында катышуучулар сунуш- көйгөйлөрүн айтышты жана алардын арасынан Бекжан Жуматаевдин айтымында:

“Мен Жуматаев Бекжан Молдобекович. Азыркы учурда Талас шаарындагы №1 орто мектебинин, 11- классынын окуучусу болом. Мен бул убакытка чейин тегерек столдордо жана көптөгөн жыйындарга катышып келгем, бирок  жаңы облустун жетекчиси Марат Мураталиев менен жолугушуу биринчи жолу. Негизинен, менин бул жыйынга катышуумдун себеби, азыркы учурда жаштардын баары мектептен билим алышат, бирок ошол алган билимдерибизди биз мектептен гана колдонобуз, менин оюмча азыркы учурда жаштар билимге суусап турган учур, ошондуктан, мен суранар элем, жаштарга билим берүүчү уюмдар ачылса”,- деп айтып өттү.

Бул тууралуу дагы Талас облустук жаштар кеңешинин коомдук бирикмесинин жетекчиси Бектур Медетов буларга токтолду:

“Бул убакытка чейин жаштар менен биргелешип иш алып баруу биздин өкүлчүлүктө болгон эмес, жана мен өтө кубанычтамын, азыркы учурда Марат Мураталиевдин демилгеси менен жыйын өтүп жатат. Мен өзүм 2010-жылдан бери жаштар менен иш алып барып келем жана азыркы учурда жаңы топ түзүп иштешип жатканыма 2 жылдын жүзү болду. Албетте, бизде азыркы учурда көйгөлөрдүн саны арбын жана мен бул жыйында жаштар менен иш алып барып, алардын сөзүн угуп жаткан өкүлчүлүккө терең ыраазычылыгымды айтмакчымын”.

Бул жыйындын соңунда жаштардын сунушу четке кагылбай, алардын көйгөйлөрү  биринчи мүмкүнчүлүктө чечилери айтылды.

Даярдаган: Толгонай Тимурова