Кызамык оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургундарына айылдык дарыгерлер тобу кызамык оорусу жугуштуу болуп жаткандыктан, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.


Бул оору туурасында Учкун айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымы Айзада төмөнкү маалыматтарды берди.

-“Негизи биздин маалыматыбызга караганда, Бишкек шаарынан бир кыз жугузуп келип, анын айынан 10 балага жуккан экен. Ошол үчүн бизге бул оору туурасында тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө дешти. Азыркы тапта убактыбызга жараша ар бир үйгө кирип түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан чагыбыз.

Кызамык оорусунун жугуу жолдору:
-Калк көп болгон жерде аба аркылуу
-Идиш аяктар жана тамак аш аркылуу
-Бирөөнүн буюмун колдонууда
-Бирөө менен катнашка барганда

Мед айымдын айтымында, бул ооруну алдын алуу үчүн эл көп жерге барбай жана колдонгон идиштерди таза кармоо керек. Ошондой эле суукка көп чыкпоону сунуштады.

Айыл тургундары бул оору туурасында канчалык деңгээлде маалыматы бар экенин билүү үчүн кыскача айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүздүк.


Айыл тургуну Качкын Абдыгазиев төмөнкүлөрдү айтты:

-“Биздин жаш кезибиде кызамык оорусун даарылоо үчүн дары-дармектер жок болуп, кыргызча эле дарылачубуз. Кыргызча дегеним, ал кезде тамак-аш жетиштүү болбогондуктан бозо берип дарылачыбыз. Бозонун дарылык касиеттери өтө көп. Анан түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөнүн билген жокмун, андай иштер жүргүзүлгөн жок”.

“Бул оору боюнча маалыматым бар, жакында эле неберем бул оору менен ооруп этине бүдүр чыгып, анан бозо, коюу винодон кичинеден кашыктап берип аттык. Ошентип бат эле жакшы болуп кетти. Дарыгерлер жакшы маалыматтарын берип, жакшы түшүндүрүп жатышат”- деди Бейшегүл Өмүракүнова.

-“Азырынча мен бул оору туурасында биле элекмин. Дарыгерлер маалымат беришкедерин уга да, көрө да элекмин”- дейт Темирбек Болотбеков.

“Биз жакта кызамык деген оору жок болуш керек, көбүнчө шаар тарапта болот го. Биздин айылдын дарыгерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кээ бир билбеген нерселерди билип алып, сак болуп калдык”,-деди Марсияна Мураталиева.

Кыскача сурамжылоонун негизинде айыл тургундарынын кээ бири бул туурасында маалыматы болсо, кээ биринин түшүнүгү жок экендиги билинди.

Даярдагандар: Айтаалы Эркинбек уулу, Айжамал Рысбек кызы, Мадина Белекова, Гулзар Казиева