Билимкана тестинин катышуучуларына сертификаттар тапшырылды

464

2018-жылдын 25-январында математика сабагы боюнча олимпиадага катышкан окуучуларга сертификаттар тапшырылды.

“Математика предмети боюнча “Билимкана” тестинин 1-туруна 4кл-11кл ка чейин жалпы 25 окуучу катышкан. 1-турдун жыйынтыгы менен бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Ал эми 2-турга 19 окуучу өткөн. Өткөн окуучулар 2-турга катышып келишти. Анын жыйынтыгы азырынча чыга элек”-деп билдирди мектептин билим тарбия иштери боюнча жетекчиси Миргүл Какаева.

Тестке катышып келген 6-классынын окуучусу Чынаркүл Улукбек кызы төмөнкүлөрдү билдирди:

“Мен математика боюнча тестке өзүмдүн билимимди сыноо үчүн катышкам. 1-турдан өттүм бирок, 2-турга катыша албай калдым. Тесттен биз өткөн эле темалардан эсептер келип жатты. Тест үч бөлүктөн турат экен. Көпчүлүк эсептерди өзүмө ишенип эле чыгарып жаттым.”

Ошондой эле 5-класстын окуучусу Шадыбекова Назгүл мындай деди:

“Мен билимкана боюнча тестке катыштым. 1-турдан өттүм. 1-турда оңой эле болгон. Ал эми 2-турда татаалыраак болду. 1-турдун жыйынтыгы чыгып, ошого катышкан бардык окуучуларга сертификат тапшырылды. 2-турдун жыйынтыгын азыр күтүп жатам”-деп билдирди Назгүл Шадыбекова.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова