Тогуз- Тородо муз үстүндө жарыш өттү

166

2018-жылдын 26-январында райондук деңгээлдеги мектеп аралык жарыш болуп өттү. Бул жарышка №7 Сатыбалдиев орто мектебинин окуучулары катышып жеңиш менен кайтышты.

Жарышка алты команда катышкан. Оюндун жүрүшүнө беш тапшырма каралган.

1-тоскоолдуктарды айланып өтүү

2-тоскоолдуктарды аралап өтүү

3-шайба менен жүгүрүү

4-хоккей ойноо

5-шайбаны бутага киргизүү

Катышуучулар тапшырмаларды эрежелери менен аткарып жатышты. Оюнга атайын калыстар тобу чакырылган. Жарышта 1-орунду №7 Т.Сатыбалдиев орто мектебинен келген ”Бурганак” командасы. 2-орунду №2 А.Абдраимов орто мектебинен келген “Казарман” командасы. 3-орунду №1 Макмал орто мектебинен келген “Достук” командасы ээледи.

1-орунга 1000сом, 2-орунга 800сом, ал эми 3-орунга 500сом, калган катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

1-орунду ээлөөгө өз салымын кошкон “Бурганак” командасынын оюнчусу Айжаркын Борончиева буларды билдирди:

“Мен көптөн бери коньки тээп журчүмүн. Бирок мындай жарышка биринчи жолу катышып жатам. Бизди дене тарбия боюнча мугалимибиз Жапишов Каттообек агай алып келди. Оюн ойдогудай кызыктуу өттү.”

Даярдаган: Нуриза Рыскулова