Барскоон айыл аймагынын башчысы эң мыкты аталды

 Барскоон айылына жасаган иштери үчүн жыл башында Барскоон айыл аймагынын айыл башчысы Руслан Эшманбетов, КР өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун №0148142 буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы» деген төш белгиси жана «Жергиликтүү башкаруунун Ардак грамотасы» менен сыйланды.

Руслан Эшманбетов Барскоон айылынын айыл өкмөтү болуп шайлангандан бери бир топ жакшы иштер жасалды десек жаӊылышпайбыз. Айылыбыз шаар болот деп көп айткан айыл өкмөтүбүз, айылдын жолдорун оӊдотуп, көчөлөргө шам чырак орноттуруп, айыл тазалыгы үчүн таштанды жыйноочу унаа менен да айылды камсыздады.

  

Мындан тышкары эскилиги жеткен маданият үйүн, айылдагы мечитти жаӊыртты. Мындан тышкары ар кандай кечелерди өткөрүп, жакыр жашаган айыл тургундарын да унутта калтырган жок. Ар дайым жаштардын демилгелерин колдоп, «Жеӊилин жерден, оорун колдон» алышып теӊ жарышып келе жатат. Жергиликтүү тургундар Руслан Эшмамбетовдун жасаган иштерине тереӊ ыраазы болушууда. Айыл өкмөтүбүздүн алдыга койгон максаттары абдан чоӊ. Ал келечекте Барскоон айылы шаар болот деген чоӊ үмүтү бар. Жыл сайын каралуучу айыл өкмөттүн бюджетин жергиликтүү тургундар жана айыл депутаттары менен баарына бирдей бөлүштүрүп, айыл аксакалдарынын батасын алууда. Ал эле эмес,  Ооган согушунда курман болгон жана каргашалуу 7-апрелде элин коргоп курман болгон эр азаматтарыбызды да эстен чыгарбай аларга да орун таап эстелик орнотконго жетишти.

                                                                           Биздин келечегиз болгон балдарга да ойной турган аянтчаларды орнотту.

                                                                           2017-жылы Республика бонюча 2-орунду багындырып 1 000000, ал эми областан 1-орунду алып айыл өкмөткө МТЗ-80 тракторун утуп алган.

Даярдаган: Эрлан Абласов