“Ботокөз булак” бала бакчасы ийгиликтүү иштеп жатат

      Bakchanyn ishi 18

Жайыл районунун Кара-Суу айылында мындан 4 жыл мурун мектептин имаратында БУУнун жана Европа Биримдигинин долбоору менен 24 орундук бала бакча ачылган эле.

Мына ушул бала бакчанын иши тууралуу бакчанын башчысы Айша Бекматова жана ашпозчу Ратха Жумабекова менен болгон маекти сунуштайбыз:

“Ботокөз булак” бала бакчабыздын иштешине туура 4 жыл болду, бакчабызда азыр 20 бала тарбияланып жатат, дагы 4 орун бар. Бакча иштегенден баштап, далай кыйынчылыктар болду. Азыр болсо райондогу бакчалардай эле ишибиз жүрүп жатат.
Айыл өкмөтү, ата-энелер менен бирдикте ишибизди алып барып жатабыз. Ошондой эле райондун билим берүү бөлүмү методикалык жактан дайыма жардам берип турат.
Тарбиячыбыз-Света Капсаламова жана мен өзүм районо өткөргөн семинарларга катышып турабыз.
Биздин көйгөй – айылга бакчанын имаратын салып алсак жакшы болот эле. Анын үстүндө иштеп жатабыз. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Насипа Дженбаева менен бирге кантип ушул ишти аткарсак деп, дайыма маектешип турабыз. Ал киши да бакчанын ишине, кызматкерлерге колдон келишинче жардам берип, бизди колдоп келе жатат. Буюрса, долбоор жазып, айылга бакча салдырып алабыз деген ойдобуз”,-дейт Айша Бекматова.

Ал эми бакчанын ашпозчусу Ратха Жумагулова балдарга үч маал тамак берилип жатканын айтты:

“Тамактын баары экологиялык жактан таза жана балдарга тамакты жагымдуу, даамдуу кылып жасап берип жатабыз”,- дейт.

Ошентип, БУУ жана Европалык Союздун жардамы менен айылда ачылган бала бакча, мамлекеттин колдоосу менен, 4 жылдан бери тынбай иштеп келе жатат.
Бакчанын ишине айылдыктар ыраазы.
Даярдаган: Гүлзада Бейшенбекова