Республиканы багындырган спортчу Ислам Көчөрбаев

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Көчөрбаев Ислам 2017-жылы республикалык “Эрежесиз эр таймаш” мелдешине катышып, ийгиликтүү орунду камсыз кылып келди. Эл аралык таймашка 23-февраль күнү Өзбекстан мамлекетине сапар алат.

Көчөрбаев Ислам учурда Нарын медициналык колледжин бүтүп, стоматолог-врач деген кесипке ээ болду. Жеңүүчү айылда жок болгондугуна байланыштуу толук маалыматтарды апасы Зульфия Мамаевага кайрылдык:

-Саламатсызбы! Балаңыз кандай кесип менен алектенет?

-Менин уулум Көчөрбаев Ислам жакында эле медициналык колледжин аяктады. Саматолог-врач деген кесипке ээ болду. Учурда Бишкек шаарында стоматология борборунда эмгектенет.

-Балаңыз күрөшкө кантип катышып калды?

-Биричи күрөшкө  16 жашында мектепте окуп жүргөндө атайын ийримге катышкан. Андан кийин “Тайманбас” аттуу спорт залга барып машыгып жүрдү жана өзүнө көптөгөн жакшы нерселерди алды десем жаңылышпайм. Катышканына эч кандай каршы болгон эмесмин. Себеби, эркек бала дайыма өзүнө келген карама-каршылыктарга даяр турушу керек.

-Балаңыз кандай сыйлыктарга ээ болду эле?

-Балам көп эле сыйлыктарды алган. Мисалы, облустук, райондук мелдештерде 1-2 орундарды алып келген. Жакында эле “Эрежесиз эр таймашка” катышты. Бул туурасында бизге эч кандай кабар берген эмес. Мен бул спорттун түрүн хобби катары алып жүрөт деп ойлогонбуз. Биз учун күтүүсүз болду.

-Балаңыз кыйналган убактар болду беле?

-Балам буга чейин анча деле оор жаракат алган жок. Болгону машыгуу учурунда тизесине доо келтирип алган. Ошондо баламды көрүп алып аябай ыйлагам. Уулумдан сурангам буга катышпай эле коюшун. Бирок кийин оюм өзгөрдү.

-Ислам эл аралык таймашка качан барат?

-Менин билишимче 23-февралда Өзбекстанда 3-турга катышам деп аткан.  Ал жерден дагы жемиштүү орунду алып келет деген ишеничибиз чоң. Мен балам менен сыймыктанам.

Даярдагандар: Адинай Талантбекова , Калыс Төрөгелди уулу