Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы жылдын мыктысы болду

73

Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Сары-Булуң айыл аймагынын башчысына “Мыкты айыл өкмөт” наамы ыйгарылды.

Сары-Булуң айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы  Амангелди Токтоналиев 2017-жылга карата айыл –чарбада аткарылган иштер тууралуу буларды билдирди:

“Мамлекеттен 2 жылдык кайтарымы менен 18 тонна арпа 2 тонна буудай алынып келинди, жер айдай тургандар дыйкандар өздөрү документтештирип алышты. Күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздалышы боюнча 32 тоннага заявка берилип,13 тонна арзан баада төлөм менен таркатылды.

Себилген арпа буудайга саранчы түшө баштагандыктан өсүмдүктөрдү коргоо мекемесине билдирилип, 200 гектарга дары чачтырылды. Айыл өкмөтүнө алынып келинген “Палессе” үлгүсүндөгү дан жыйноочу комбайны жалпы 312га дан эгиндерин жыйнап жергиликтуу бюджетке толук акча каражаты түшүрүлдү”.

Ошондой эле курулуш, мал- чарба жана энергетика тармагында аткарылган иштер тууралуу да айтып өттү:

“Кара-Суу жана Табылгыты айылдарындагы 200 баш ит 50 баш мышыкка азинокс берилди, вакцинасы көрсөтүлгөн пландын негизинде сайылып жатат. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомуна ылайык малдарды идентификациялоо боюнча 1500 баш бодо малга бирка басылган, азыркы убакта 2-этап башталып, 900 биркадан  600 бирка басылды. Малдарды биркалоо иштери жүрүп жатат. Кара-Суу жана Табылгыты айылдарындагы 7 адамды иттер каап алгандыганан байланыштуу, жеринен иттер вакцинадан өткөрүлдү. Айыл өкмөтү боюнча 500 баш уйдан бруцеллезго каршы кан алынды. 2000 бодо малга кара санга вакцина сайылды. 2000 бодо малга шарпка  вакцина жүргүзүлдү. 2017-жыл жаз катаал болуп чөп жетпей 750 таңгак чөп тартылып келинип элге арзан баада берилди.

 Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-айына карата курулуш иштерине 16390,0 мин сомдук акча каражаты каржыланган.

Республикалык бюжеттинен Кара-Суу айылындагы Т. Сатыбалдиев атындагы орто мектептин курулушуна  жалпысынан 53700,0 мин сом каралган, бүгүнкү күндө 29000,0 миң сом каржыланды. Бул каржылануу менен окуу корпусу бүткөрүлду. Ал эми спорт зал, откана, даараткана, сырткы тосмолоруна каржылоо керек. Калган каржылоосу боюнча жогорку тийиштүү инстанцияларга каттар берилип иш жүргүзүлүүдө. Э.Касымалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин спорт залына жеке ишкер Э.Касымалиев демөөрчүлүк кылуу менен 2300,0 мин сомдук курулуш иштери жүрүп, спорт залдын дубалдары тургузулду. Табылгыты айылындагы Төш-Булак суусунан нук менен агып келүү ыкмасы менен таза суу чыгаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 300,0 мин сомдук акча каражаты каржыланып, курулуш иштери бүтүп элге жана мектепке суу берилди.

Сары-Булун участкасынын Ак-Орго конушуна электр энергиясы учун 18 даана ЖБ столбалары коюлуп, жергиликтүү бюджеттен 30,6  мин сомдук ЖБ столбаларына травест жасалып коюлду. Санариптик аппарат койдуруу үчүн атайын бөлмө курууга жергиликтүү бюджеттен 160,0 мин сом каржыланып, бүгүнкү күнгө карата Кара-Суу Табылгыты айылдары санариптик теле берүүлөр иштеп жатат. Көчөлөрдү жарыктандыруу максатында 126,1 мин сомго 30 (отуз) даана электр чырактары коюлду. Кара-Суу айылындагы Жапсар участкасындагы көрүстөндү тосууга карата 272,7 мин сом каржыланып, 630 метр көрүстөндүн айланасы тосулду. МТСдин кампасын куруу учун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 200,0 мин сом каржыланып, МТСди курууга карата пескоблок жана шагылдары алынып келинди. 2017-жылга карата 3ерге жалпы 4 (торт) атуул жеке турак үйлөрүн курушуп, жалпы 2200,0 миң сомдук акча каражаттын турак үйлөрду курууга сарпташкан.”

Быйылкы жылдагы аткарыла турган иштер боюнча  кыскача  маалымат да берип өттү:

“2018-жылга карата аткарыла турган  иштер боюнча кыскача маалымат:

  • Кара-Суу Табылгыты айылдарын АБР Эл аралык уюмдары менен ишке ашыруу
  • -Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги аркылуу түрткү берүүчү грантка айыл аймагынын административдик имараттын бүткөрүү.
  • -Жергиликтүү бюджет аркылуу МТСдин гаражын бүткөрүү.
  • -Республикалык бюджет аркылуу Т.Сатыбалдиев орто мектебинин толук бүткөрүү.
  • -Э.Касымалиев орто мектебинин үстүнкү чатырын жергиликтүү бюджет жана МЭРСИКО Эл аралык уюму менен үстүн чатырлоо.
  • -Э.Касымалиев орто мектебинин спорт залын демөөрчүлөр аркылуу бүткөрүү.”

Амангелди Токтоналиевдин сыйлыгы туурасында Тогуз-Торо районундагы “Жеңиш Туусу” газетасына жарыяланды.

Даярдаган: Азем Маратова