Тогуз- Торо районунун “2017-жылдын мыкты салыкчысы” аныкталды

67

Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык абалынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн “2017-жылдын мыкты салыкчысы” наамы Замира Мамбетакуновага тапшырылды.

Сары-Булуң айыл аймагынын салык кызматчысы Замира Мамбетакуновага кайрылганыбызда:

“ Сары-Булуң айыл аймагында салыкчы болуп иштегениме 5 жыл болду. Ушул мен иштеген 5 жыл ичинде көптөгөн кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүп келем. Салык боюнча ай сайын план берилет, берилген планды аткаруу керек, элдерден салык чогултуу үчүн бир үйгө 4-5 жолу барганга туура  келет.

Бирок кыйналдым деп отуруп албастан жылда берилген планды толугу менен аткарып келем. 2017-жылга берилген  планды 136,9 пайызга аткарып, эмгегимдин акыбети кайтып “жылдын мыкты салыкчысы” деген наамды Тогуз-Торо райондук  администрациясы тарабынан алдым” –деп билдирди.

Даярдаган: Азем Маратова