Учкун айылында жалгыз дарыкана элге кызмат кылат

Нарын районуна караштуу Учкун айылында төрт жылдан бери жалгыз дарыкана иштейт. Жаңы коюлган контейнердин ичи дары-дармектердин коюлушуна тардык кылып келет. 

Дарыкананы иштетип келген Акмончок Ашыралиева менен бул туурасында маек курдук:

Саламатсызбы! Сиз бул дарыкананы качан ачкансыз?

-Саламатчылык. Буга чейин бизде ФАП тын айланасында эки жыл мурун бар болчу андан кийин ал жакта шартты жакшы болбогондугуна байланыштуу эки жылдан бери ушул жерде иштейм.

-Азыр ушул контейнердин абалы кандай?

Контейнерде отурганыма бир жылдай болуп калды. Жакшы, ичи жылуу, таза, дары-дармектерди койгонго ылайыктуу. Бирок көйгөйлөр да жок эмес. Ичи тардык кылат жана бизге жаңы бардык шарттары менен  дарыкана салынып берилсе эң жакшы болмок. Оңдоо ишине да муктаждыктар бар. Контейнердин орнотулганына аз эле болду, эгер муктаждык болсо каржылаган уюмга жазабыз.

-Сиздин дарыканада айыл тургундарына  жетиштүү дары-дармектер барбы?

-Бизде болушунча дарылар бар. Элдин суроо- талабына жараша болот. Кандай дары-дармектер керек болуп калса биз буйрутма жазабыз. Азыр дары-дармектер жетиштүү, биздин айыл тургундары жеткиликтүү.

 

-Тургундарга дарыларды берүүдө кандай колдонушту айтып бересизби?

-Биз негизи ФАП менен байланышып иштейбиз. Биринчи орунда ФАПка барып көрүнүшөт ал жактан тизме боюнча дары алып кетишет.

-Иштеген ишиңиз өзүңүзгө жагабы?

-Бул иштеген ишим өзүмө жагат. Ошол адамдардын ден соолугуна карап тилеп иштейм. Эч качан оорушпасын. Дары өтсүн деп иштебейм.

-Негизи өзүңүздүн кесибиңиз кайсы?

-Менин кесибиим иштеп жаткан жумушума туура келет. Мен медколлежди бүткөм. Негизи фармацевт деген кесипке иш жок болгондугуна байланыштуу аптекарь болуп иштеп жатам.

 

 

Маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!

Даярдагандар: Ынтымак Мирбек уулу, Айжамал Рысбек кызы